ATLANT ХМ 4421-009 ND инструкция по эксплуатации онлайн - страница 50


Инструкция ATLANT ХМ 4421-009 ND для устройства холодильник содержит страницы на русском языке.

Размер файла: 1.43 MB. Состоит из 56 стр.


Вы можете скачать pdf файл этой инструкции: Скачать PDF


Предыдущая
Следующая
background image

50

KYR

3-сүрөт

табличка

4.7

 

Муздаткычты электр түйүнүнө кошуу: кубаттануу зымынын 

сайгычын розеткага кошуу.

КӨҢҮЛ  БУРУҢУЗДАР!  муздаткычты  электр  түйүнүнөн 

суургандан киийн кайра кошууну 5 минутадан кем эмес уба-

кытта жүргүзүү керек.

5   К А м Е РА Н Ы   Ж А Ң Ы   А З Ы К ТА РД Ы 
  С А К Т О О   Ү Ч Ү Н   К О Л Д О Н У У

5.1 АЗЫКТАРДЫ мУЗДАТКЫЧКА ЖАЙГАШТЫРУУ ЖАНА 

САКТОО

5.1.1

  Азыктарды  жайгаштыруу  учурунда  муздаткычтагы 

эң муздак бөлүгү жашылча жемиштерди сактоо үчүн идиштин 

үстүндө, ал эми жылуу бөлүгү-жогорку текчеде экендигин эске 

алуу керек.

5.1.2

 

Муздаткычтагы температура кайра салынган азыктар-

дын санынан, эшикти ачуунун тездигинен, муздаткычты имарат-

тагы орноткон жерден ж.б. көз каранды.

5.1.3

 

Муздаткычтагы температураны так ченөө лаборотори-

ялык шартта гана мүмкүн. Абанын температурасы муздаткычтын 

иштөө режиминен  көз каранды жана азыктардын температура-

сына караганда тезирээк өзгөрөт.

Муздаткычтын температурасын болжол менен, суу куюлуп 

термометри бар стаканды ортоңку текчеге 12 саатка коюу менен 

ченесе  болот.  Температураны  ченеп  жатканда  муздаткычтын 

эшигин ачпоо керек.

5.1.4

  МК  айнек-текчелеринин  абалы,  айнек  текчеден 

(алдыңкы)  башкасын  бийиктиги  боюнча  алмаштырса  болот: 

арткы  же  алдыңкы  чекесин  көтөрүп  туруп  (конструкциясына 

карата), айнек текчени өзүнө жылдырып чыгарып, жаңы ордуна 

жайгаштыруу.

Эмерекке орнотулган муздаткычта айнек-текчелерди кайра 

орнотуу үчүн зарыл:

— айнек-текченин арткы чекесин көтөрүп туруп, 5-сүрөткө 

ылайык багыттамалардан каптал таканчык бөлүкүтөрү чыкмай-

ынча өзүнө жылдыруу;

—  айнек-текченин  алдыңкы  чекесин  ылдый  түшүрүп,  аны 

тик абалга келтирүү;

— багыттамалардан илгичти чыгарып, айнек-текчени алуу. 

Айнек-текчелерди жаңы орунга орнотууну каршы ирээттүүлүк 

менен жүргүзүү керек.

5.1.5

 

Муздаткычтын  айнек  текчелеринде  консендант  (суу 

тамчылары) пайда болушу мүмкүн. Анын апйда болушу камера-

дагы абанын нымдуулугунун жогорулап кетишинен улам болот, ал 

жашылча-жемиштердин көп саныны салынышынан, эшикти тез 

жана узакка ачуудан, муздаткычтагы температуранын көтөрүлүп 

кетишинен, 1.3 ылайык колдонуу шарттарын жана 7.1ге ылай-

ык  азыктарды  сактоо  боюнча  сунуштарды  аткарбагандыктан, 

слив тутумунун толуп калуусу менне байланышкан (тиркемени 

караңыз).  Айнек-текчеден  конденсатты  жоготуу  үчүн  нымды 

жакшы сиңирүүчү материалды колдонуу керек.

5.1.6

  Эшикке  карата  тосмо-текчелердин  же  идиштердин  

абалын (жыйындыларга жараша) бийиктигине жараша алмаш-

тырса болот:

— тосмо-текчеден чектөөчүнү (кичинекейин) алуу (бар болсо). 

Тосмо-текченин капталын 6-сүрөткө ылайык басуу мененбекитүү 

элементтерин  бир  тарабынан,  андан  кийин  башка  тарабынан 

бошотуу  керек.  Элементтерди  жаңы  орунга  орнотуу  учурунда, 

эшиктин панелинин ички капталындагы тосмо текчелерге бир та-

рабын бекитүүдө жана башка тарабынан капталына басуу менен, 

тосмо-текчени орнотуу керек. Чектөөчүнү (кичинекей)орнотуу;

— идишти 7 сүрөткө ылайык, эки кол менен өйдө көтөрүп, 

эшиктеги  бекитилген  элементтерден  ичин  бошотуу.  Орнотуу 

ордун  тандап,  эшиктин  панелине  бекитүү  элементтери  менен 

ичине идишти орнотуу.

5.2 мУЗДАТКЫЧТЫ ЖЫЙНОО

5.2.1

 

Муздаткычты жыйноо үчүн зарыл:

— муздаткычты электр түйүнүнөн  ажыратуу;

— бардык азыктарды алып чыгуу;

— муздаткычты 4.4. ылайык жууп, кургатуу.

КӨҢҮЛ  БУРУҢУЗДАР!  муздаткычта  жагымсыз  жыттын 

пайда болушун алдын алуу үчүн камераны, комплектацияла-

рын, тыгыздаткычын, жана тыгыздаткычтын эшикке жакын 

жерин жакшылап жууш керек.

6   Т О Ң Д У Р У У Ч У   К А м Е РА Н Ы   К О Л Д О Н У У

6.1 ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАРДЫ САКТОО

6.1.1

 муздаткычты күйгүзгөн учурда ТК “сактоо” режиминде 

иштейт, ал тоңдурулган азыктардын сапаттуу сакталышын кам-

сыз кылат. ТК шарттуу түрдө эки аймакка бөлүнөт: бир аймагы 

тоңдуруу  үчүн  пайдаланылат,  экинчи  аймагы  –  тоңдурулган 

азыктарды сактоо үчүн (тиркемени караңыз).

6.1.2

 ТК температура сакталган, кайра салынган азыктардын 

санынан,  эшикти  ачуунун  тездигинен,  муздаткычтын  имаратта 

жайгашкан жеринен ж.б. көз каранды.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! мК текчесине салынган азык-түлүктөр 

холодильниктин аркасында жайгашкан No Frost тутумунун 

аба каналдарын жаап калбашы керек.

6.2 ЖАҢЫ АЗЫКТАРДЫ ТОҢДУРУУ

6.2.1

 Жаңы азыктар ТК иштеген учурда “Сактоо” режиминде 

тоңдурулат.

Муздаткычтын айрым моделдери чоң өлчөмдөгү жаңы азык-

түлүктү тоңдуруу үчүн тоңдургуч камеранын кошумча режимин 

камтыйт  —  “Тоңдуруу”,  “Супертоңдуруу”  (тиркеме  караңыз). 

Тоңдуруу  камеранын  кошумча  иш-милдетин  жаңы  азык  түлүк 

менен толтурууга чейин 24 саат мурун күйгүзүү керек. Өчүрүү — 

азык-түлүк менен толтургандан кийин 24  саат өткөндө.

6.2.2

 

Тоңдурулган  жаңы  азыктардын  массасы  бир  күндүн 

ичинде азыктардынг сапатынын жоголушуна жана аларды сактоо 

мөөнөтүнүнү азайышынанк ачуу үчүн номиналдык кубаттуулугу-

нан ашпашы керек.

6.2.3

 Тоңдуруу үчүн таңгакталган жаңы азык-түлүктү тоңдуруу 

камерага же тийиштүү аймактагы анын себеттердин бирине коюу 

керек (тиркеме караңыз).

5-сүрөт

6-сүрөт

7-сүрөт

текче

4-сүрөт

арткы тирөөч

тосмо-текче

идиш

Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является


Что удобнее для чтения книг?

Планшет
Электронная книга
Смартфон
Книга в бумажном переплёте
Не читаю книг

QR код manualbase.ru
©  2010- ManualBase.ru