INDESIT BWSB 61051 инструкция по эксплуатации онлайн - страница 46


Инструкция INDESIT BWSB 61051 для устройства стиральная машина содержит страницы на русском языке.

Размер файла: 3.59 MB. Состоит из 48 стр.


Вы можете скачать pdf файл этой инструкции: Скачать PDF


Предыдущая
Следующая
background image

46

KGZ

Жуучу заттар жана 

кирдин түрлөрү

Жуучу каражаттар үчүн чөнөкчө

Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуучу заттарды туура 

дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуучу заттар 

натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч 

машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана 

курчап турган чөйрөнүн булганышын шарттайт. 

! Колго жууганга арналган жуучу каражаттарды 

пайдаланбаңыз, анткени алар өтө көп көбүк чыгарат. 

Чөнөкчөнү чыгарыңыз 

жана ага жуучу каражатты 

же кошулмаларды 

төмөндөгүдөй тартипте 

салыңыз. 

1-чөнөкчө: 

Жуугуч каражатты борбордук лотокко 

салбаңыз 

1

.

2-чөнөкчө: Кир жуу үчүн жуучу каражат (порошок 

же суюк) 

Суюк жуучу затты пайдалануу учурунда 

туура дозалоо үчүн сунушталуучу А дозаторун 

пайдалануу сунушталат. Кир жуучу порошокту 

пайдалануу үчүн В дозаторуна салыңыз. 

3-чөнөкчө: Кошулмалар (чайкагыч ж.б.)

Чайкагычтын деңгээли дозатордун борборунда 

көрсөтүлгөн “max” белгисинен ашпашы керек.  

Кирди даярдоо

• 

Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз: 

- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.

- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.

• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана 

топчуну текшериңиз. 

• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү, 

“Программалардын таблицасында” көрсөтүлгөн 

мааниден ашырбаңыз.

Кир канча салмакта болот?

               1 шейшеп 400-500 гр.

               1 жаздык тыш 150-200 гр.

               1 дастаркон 400-500 гр.

               1 халат 900-1200 гр.

               1 сүлгү150-250 гр.

Атайын программалар

Күнүмдүк пахта:

 пахтадан жасалган кийим үчүн 

30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну 

ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү 

кири бар кийимдерге жарайт.

Күнүмдүк синтетика:

 синтетикадан жасалган кийим 

үчүн 30°C цикл. Бул натыйжаны начарлатпастан, сууну 

ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил кетүүчү 

кири бар кийимдерге жарайт.

Түстүү кийим:

 түстөрдү сактап калганга жардам 

берүүчү 30°C цикл; түстүү пахта жана синтетика 

кийимдерге жарайт. Бул натыйжаны начарлатпастан, 

сууну ысытканга энергия керектөөнү азайтат. Жеңил 

кетүүчү кири бар кийимдерге жарайт.

Кылдат жуу

: кылдат мамиле кыла турган кийимди 

жуу үчүн 

4

-программаны пайдаланыңыз. Кир жууп 

баштоонун алдында кийимди ичинен аңтаруу 

сунушталат. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу 

үчүн кылдат кийимдер үчүн суюк жуучу каражатты 

пайдалануу сунушталат. Жибек кийимди жана парданы 

жуу үчүн 

4

-циклды тандаңыз жана 

; функциясын 

күйгүзүңүз, машина циклды сыгуусуз аяктайт, 

индикатор бүлбүлдөйт. Сууну төгүү жана кирди 

чыгаруу үчүн ИШТЕТҮҮ/ТЫНЫГУУ баскычын же 

 

опцийин басуу керек.

Аралаш:

 пахта жана синтетикалык кийимдерди 

чогуу жууганга 40°C цикл. Жеңил кетүүчү кири бар ич 

кийимдерге жарайт.

Спорт

 (

11

-программа): спорт кийимдеринин 

(спорттук костюмдар, байпактар ж.б.) анча кир эмес 

кездемелерин жуу үчүн иштелип чыккан; жакшы 

жыйынтыктарга жетүү үчүн “Программалардын 

таблицасында” көрсөтүлгөн, жүктөөнүн максималдуу 

чегинен ашырбоону сунуштайбыз. Жүктөө үчүн 

ылайык келген өлчөмдө суюк жуучу каражатттарды 

пайдаланууну сунуштайбыз. 

Мамык / Тыбыт

: жалаң кат мамык жууркан (салмагы 

1 кгдан көп эмес), жаздык, куртка сыяктуу, курамында 

өрдөктүн жүнү бар, мамык олпокторду жуу үчүн 

атайын 

12

-программаны тандаңыз. Мамык олпокторду 

четин ичкери кылып машинанын барабанына жүктөө 

(схеманы кара) жана барабандын көлөмүнүн ¾ 

ашырбоо сунушталат. Оптималдуу кир жуу үчүн жуучу 

заттардын дозаторуна куюлуучу, суюк жуучу затты 

пайдалануу сунушталат. 

Жүн

13

-программа бардык жүн буюмдарды, анын 

ичинде этикеткасында “кол менен гана жуу” 

 деп 

көрсөтүлгөн буюмдарды жууну шарттайт. Жакшы 

жыйынтыкка жетүү үчүн атайын жуучу каражатты 

пайдаланыңыз жана 1 кг кир жүктөңүз.

Жыттарды кетирүү

: жагымсыз жыты бар кийимди 

жуу үчүн 

14

-программаны (Синтетика) пайдаланыңыз 

(мисалы, тамекинин, тердин, куурулган тамактын 

жытын). Программа кездеменин буласын сактоо 

менен, жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн арналган.


Что удобнее для чтения книг?

Планшет
Электронная книга
Смартфон
Книга в бумажном переплёте
Не читаю книг

QR код manualbase.ru
©  2010- ManualBase.ru