30
КЫРГЫЗ
–
Бош колуңуз менен чачтын бир тутамын кармаңыз.
–
Баскычтын туткасын (4) басып, чач тутамынын учун
иштөө бетине (2) салып, баскычтын туткасын (4)
бошотуңуз. Учу (1) менен туткасын (8) кармап, чач
тутамын иштөө бетинин (2) үстүнө түрүп алыңыз.
–
Бир аз күтүп, баскычтын туткасын (4) басып, тутамды
бошотуп алыңыз.
–
Бул процедураны калган чач тутамдарында кайталаңыз.
Эскертүү:
–
биринчи колдонгондо, ысытуучу элементтен
башкача жыт чыгышы мүмкүн, бул табигый көрүнүш.
–
шайманды иштетүү мезгилинде иштөө бетин (2)
колуңуз менен тийбей, бир колуңуз менен учунан
(1), башка колуңуз менен туткасынан (8) кармаңыз.
–
иштетүү арасындагы тыныгууларында шайманды
ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө түпкүчүнө
(3) коюңуз.
–
чачты тармалдатуудан кийин тарабай, муздаганына
убакыт бериңиз, чачыңыз табигый көрүнүү үчүн чоң
тутамдарын майдараак тутамдарына бөлүңүз.
–
Шайманды иштетип бүткөндөн кийин баскычын (7)
басып кармап туруп, шайманды өчүрүңүз, индикациялоо
панелиндеги (5) температуранын белгилери өчөт,
кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан ажыратыңыз.
Эскертүү
: эгер 60 минутанын ичинде температураны
таңдоо «–/+» баскычтары (6) басылбаган болсо, электр
кыпчуур автоматикалык түрдө өчөт.
–
Шайманды ысыка чыдамдуу тегиз беттин үстүнө
түпкүчүнө (3) коюп, толугу менен муздаганына убакыт
бериңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Тазалоонун алдында шайманды электр тармагынан
ажыратып, толугу менен муздаганына убакыт бериңиз.
–
Шайманды, электр шнурун жана кубаттуучу сайгычын
сууга же башка суюктуктарга салууга тыюу салынат.
–
Шайманды тазалоо үчүн абразивдүү жана жуучу
каражаттарды же эритүүчү суюктуктарды колдонууга
тыюу салынат.
–
Шаймандын корпусун жумшак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
САКТОО
–
Аспапты сактоо жерине алып салгандын алдында аны
толугу менен муздатып, тазалап алыңыз.
IM VT-8422.indd 30
28.07.2017 11:22:33