VITEK VT-8319 W инструкция по эксплуатации онлайн - страница 25


Инструкция VITEK VT-8319 W для устройства утюг содержит страницы на русском языке.

Размер файла: 651.73 kB. Состоит из 28 стр.


Вы можете скачать pdf файл этой инструкции: Скачать PDF


Предыдущая
Следующая
background image

25

КЫРГЫЗ

Бууну  кошумча  берүүнүн  баскычын  (6) 

басканда  тамандын  (11)  тешиктеринен  буу 

күчөтүп чыгат.

Эскертүү:  Буу  тешиктеринен  суу  куюлбас 

үчүн  бууну  кошумча  берүү  баскычын  (6) 

4-5 секунд интервалы менен басып туруңуз.

ТИК БУУЛАНТУУ

Тик 

буулантуу 

функциясын 

жогору 

температурадагы  үтүктөө  режиминде  гана 

колдонсо  болот  (ал  учурда  температура 

жөндөгүчү (12) 

«MAX» 

абалында турат).

Үтүктү  кийимден  10-30  см  аралыгында  тик 

кармап, бууну кошумча берүүнүн баскычын (6) 

4-5  секунд  интервалы  менен  басып  туруңуз, 

тамандын (11) тешиктеринен буу күчөтүп чыгат.

Маанилүү маалымат

Синтетикалык  кездемелерди  тик  буулантуу 

рекомендацияланган эмес.

 •

Буулантканда  кездеме  эритпөө  үчүн  аны 

үтүктүн таманы менен тийбеңиз.

 •

Адам  кийип  турган  кийимди  эч  качан 

буулантпаңыз,  себеби  чыккан  буунун 

температурасы  өтө  чоң,  кийим  илгичти 

пайдаланыңыз.

 •

Үтүктөп  бүткөндөн  кийин  үтүктү  өчүрүп, 

толугу  менен  муздатып,  андан  кийин  суу 

куюучу тешигинин капкагын (2) ачып, үтүктү 

көңтөрүп калган суусун төгүп салыңыз.

АВТОМАТТУУ ТҮРДӨ ӨЧҮҮ

Бул моделде үтүктүн автоматтуу түрдө өчүүнүн 

2 режими бар.

1. 

Үтүк  горизонталдуу  абалында  болуп  30 

секунд  кыймылдабай  турса,  ошол  учурда 

үндүү  сигнал  чыгып,  үтүктүн  ысыткыч 

элементи  өчөт  да  индикатор  (9)  бүлбүлдөп 

турат.

2. 

Үтүк  түбүндө  (8)  тик  абалында  8  мүтөт 

кыймылдабай  турса,  ошол  учурда  үндүү 

сигнал  чыгып,  үтүктүн  ысыткыч  элементи 

өчөт да индикатор (9) бүлбүлдөп турат.

Үтүктөө  процессин  кайта  баштоо  үчүн  үтүктү 

горизонталдуу  абалынан  тик  абалына  же 

тескерисинче  өткөзүп,  таманы  (11)  ысыгады 

күтүп, үтүктөө процессин улантсаңыз болот.

БУУ КАМЕРАСЫН ТАЗАЛАТУУ

Үтүктүн  кызмат  мөөнөтүн  узартуу  үчүн 

буу  камерасын  мезгилдүү  түрдө  тазалоо, 

өзгөчө  суусу  «катуу»  болгон  региондордо 

рекомендацияланат.

 •

Бууну  үзгүлтүксүз  берүүнүн  жөндөгүчүн  (3) 

« »  (буу  берүү  өчүрүлгөгөн)  абалына 

коюңуз.

 •

Сууну  максималдуу  белгичине  (14)  чейин 

куюп, капкакты (2)бекем жабыңыз.

 •

Үтүктү түбүнө (8) коюңуз. 

 •

Кубаттандыруу 

сайгычын 

электр 

розеткасына сайыңыз.

 •

Жөдөгүчтү  (12)  буруп,  үтүктүн  таманынын 

максималдуу  температурасын  «

MAX

» 

коюңуз, ал учурда индикатор (5) күйөт. 

 •

Таман  (11)  таңдалган  температурасына 

чейин  ысып,  индикатор  (5)  өчүп  калганда, 

буу камерасын тазаласаңыз болот.

 •

Кубаттандыруу 

сайгычын 

электр 

розеткасынан чыгарыңыз.

 •

Үтүктү  жуунманын  үстүндө  горизонталдуу 

кармап,  «self-clean»  баскычын  (13)  басып 

кармаңыз.

 •

Кайнап  турган  суу  жана  буу  менен  кебээр 

үтүктүн  таманындагы  (11)  тешиктерден 

чыгат.

 •

Чукурдан (10) болгон суусу агылып чыкканга 

чейин  үтүктү  бир  аз  алга-артка  терметип 

туруңуз.

 •

Үтүктү негизине (8) коюп муздатыңыз.

 •

Үтүктүн таманы (11) муздагандан кийин аны 

кургак чүпүрөк менен сүртүңүз.

 •

Үтүктү  сактоо  жайына  койгондон  мурун 

чукурда (10) калбаганын, үтүктүн таманы (11) 

кургак болгонун текшерип алыңыз.

ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО

 •

Үтүктү  тазалоодон  мурун  ал  электр 

тармагына  кошулбаганын  жана  муздак 

болгонун текшерип алыңыз.

 •

Үтүктүн  корпусун  жумушак,  бир  аз  нымдуу 

чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып 

сүртүңүз.

 •

Үтүктүн  таманындагы  кебээрди  суу-сирке 

аралашмасы  менен  нымдалган  чүпүрөк 

менен чыгарса болот.

 •

Кебээрди  чыгаргандан  кийин  тамандын 

бетин кургак чүпүрөк менен сүртүңүз.

 •

Үтүктүн  таманын  тазалоо  үчүн  абразивдүү 

же эритүү каражаттарды колдонбоңуз.

 •

Үтүктүн таманына учтуу металл нерселерди 

тийгизбеңиз.

САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

 •

Үтүктү сактоо жайына койгондон мурун аны 

тазалап,  чукурдан  (10)  калган  суусун  төгүп 

алыңыз.

IM VT-8319.indd   25

04.05.2017   12:20:15


Что удобнее для чтения книг?

Планшет
Электронная книга
Смартфон
Книга в бумажном переплёте
Не читаю книг

QR код manualbase.ru
©  2010- ManualBase.ru