VITEK VT-8208 BK инструкция по эксплуатации онлайн - страница 19


Инструкция VITEK VT-8208 BK для устройства фен содержит страницы на русском языке.

Размер файла: 768.27 kB. Состоит из 20 стр.


Вы можете скачать pdf файл этой инструкции: Скачать PDF


Предыдущая
Следующая
background image

19

КЫРГЫЗ

тарабына  каратып,  бармагыңыздын  арасына 

ысык абаны үйлөтүп чачты кургатыңыз. Керектүү 

эффектти  жеткенде,  муздак  шамал  үйлөтүү 

баскычын (3) басып ар тутамды бекитиңиз.

Чачты көтөрүү жана көлөмүн көбөйтүү

Фенди  ысытуу/аба  ылдамдык  режимдерин 

төмөндөгөндөн  максималдууга  чейин  таңдап 

башыңыздын  арткы  жагынан  баштап  чачтын 

түбүн кургатыңыз.

Чачтын стилин жасоо

Которгучтарды  (1,  2)  төмөндөгөн  ысытуу/аба 

ылдамдыгы  абалына  коюп,  багытталган  аба 

агымы үчүн фенге концентратор насадкасын (6) 

орнотуңуз.

Чачты  тутамдарга  бөлүп,  чачты  жасалоо  үчүн 

тегерек тарагы менен керектүү стилди жасаңыз. 

Чачты  жасалоо  убагында  абаны  чачтын  үстүнө 

керектүү багытында үйлөтүңүз.

Керек болсо, чачтын абалын бекитүү үчүн абаны 

ар  тутамына  2-5  секунданын  ичинде  үйлөтүңүз. 

Чач тутамдарын жасалоо мөөнөтүн чачтын түрүнө 

карап өөзүңүз таңдайсыз.

“Муздак шамалды” үйлөтүү

Бул  моделинде  жасалоону  бекитүү  үчүн 

колдонулган  “муздак  шамалды”  үйлөтүү 

функциясы каралган. “Муздак шамалды” үйлөтүү 

баскычын  (3)  басып  туруңуз  –  бул  чачтын 

жасалган стилин бекитүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ӨТӨ ЫСЫТУУДАН КОРГОНУУ

Фендин  өтө  ысытуудан  коргонуу  системасы 

чыгуучу  аба  агымынын  температурасы  өтө 

чоң  болгондо  фенди  өчүрөт.  Фенди  колдонгон 

учурда  ал  өчүп  калса,  режимдердин  которгучун 

(1) «0»

 

абалына которуңуз, кубаттуучу сайгычты 

розеткадан  суруп,  аба  кирүүчү  жана  чыгуучу 

тешиктер  жабылбаганын  текшериңиз,  фенди 

5-10  минут  муздатып,  кайра  иштетсеңиз  болот. 

Фенди колдонгондо тешиктерин жаппай, чачыңыз 

аба алуучу тешигине түшкөндөн абайлаңыз.

КАРОО ЖАНА ТЕЙЛӨӨ

Фен турмуш-тиричилик колдонууга гана арналган.

 •

Аба  алуучу  тешигинин  панжарасын  (4) 

тазалоо  үчүн  мезгилдүү  түрдө  чечүү 

рекомендацияланат.

 •

Которгучту  (1)  «0»  абалына  коюп,  фенди 

электр тармагынан ажыратыңыз.

 •

Панжаранын  бекиткичтерин  бир  убакытта 

басып 

панжараны 

алып 

чыгарыңыз. 

Панжараны  щётка  менен  тазалаңыз, 

панжараны жерине орнотуңуз. 

 •

Фендин корпусун бир аз нымдуу чүпүрөк менен 

сүртүп, андан кийин кургатып сүртсөңүз болот.

САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

 •

Фен 

колдонбогон 

учурларда 

электр 

тармагынан ажыратып алыңыз.

 •

Электр  шнурун  фендин  корпусунун  үстүнө 

эч  качан  түрбөңүз,  себеби  ал  шнурдун  же 

корпустун  бузулуусуна  алып  келиши  мүмкүн. 

Электр  шнурун  абайлап  колдонуңуз,  өзгөчө 

шнур  корпустун  ичине  кирген  жакта  жана 

кубаттуучу  сайгычка  жакын  жерде  кату 

тартууга,  бурууга  же  чоюуга  тыюу  салынат. 

Эгерде  колдонуунун  учурунда  шнур  өтө 

буралып  турса,  мезгил-мезгили  менен  аны 

түздөтүп туруңуз.

 •

Фен-щетканы  ыңгайлуу  пайдалануу  үчүн  ал 

илмек  (5)  менен  жабдылган,  ошол  илмек 

менен  фенди  ага  суу  тийбеген  жерге  илип 

койсоңуз болот.

 •

Фенди балдардын колу жетпеген жерде сактоо 

зарыл.

ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

1. 

Фен – 1 даана.

2. 

Концентратор насадкасы – 1 даана.

3. 

Колдонмо – 1 даана.

ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~50 Гц

Кубаттуулугу: 1500-2200 Вт

Өңдүрүүчү  шаймандардын  мүнөздөмөлөрүн 

алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт

Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл

Кепилдик 

Кепилдик  берүү  шарттары  тууралуу  толук 

маалыматтар  буюмду  саткан  сатуучудан  алууга 

болот.  Кепилдик  шарттарына  ылайык  талап 

кылып  сатылган  товарга  чек  же  дүмүрчөктү 

көрсөтүү керек.

IM VT-8208.indd   19

21.07.2017   12:16:45


Что удобнее для чтения книг?

Планшет
Электронная книга
Смартфон
Книга в бумажном переплёте
Не читаю книг

QR код manualbase.ru
©  2010- ManualBase.ru